• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Таттыбүбү Эргешбаева: Жогорку Кеңеш 7 айдан бери 6-чакырылыштын регламенти менен иштеди

28 Кулжа 2022 14:50 Бишкек Govori.TV

Парламент 1-июлдан баштап каникулга тарайт. Мындан улам жыл ичинде парламент өзүнүн милдетин кандай аткаргандыгы тууралуу юрист, Таттыбүбү Эргешбаева өзүнүн оюн билдирди.

Анын айтымында Жогорку Кеңештин эң чоң кемчилиги, 7 ай жүргүзгөн ишинде өздөрүнүн регламентин кабыл алалган жок.


«Парламент Жогорку Кеңештин регламенти тууралуу мыйзам долбоорун 2021-жылдын июнь айында эле коомдук талкууга койгон. Андан бери бир чакырылыш башкасына алмашты. Ошон учун регламент коомдук талкуудан откондон кийин, кайрадан Жогорку Кеңешке киргизилиши керек эле. Жогорку Кеңеш 7 айдан бери 6-чакырылыштын регламенти менен иштеп атат»,-дейт.

«Мындан сырткары 6-чакырылыштын регламенти партиялык тизмектеги 120 депутатка ылайыкталып жазылган. Азыр болсо депутаттардын саны 90ду түзөт. Ошондой эле мында партиялык дагы, бир мандаттуу да шайланып келгендери бар. Концептуалдык жактан азыркы регламент туура эмес иштеп жатат жана Жогорку Кеңештин 7-чакырылыштын чындыгына дал келбейт «,-экенин кошумчалады.

Количество просмотров: 83