• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Таза суу ичкиң келеби? Анда сууга болгон тариф кымбаттайт

23 Теке 2018 19:10 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 23.07.2018.Govori.TV.
Премьер-министр суу менен камсыздоо кызматынын баасын кайра кароо зарылдыгын карап чыгууну тапшырды. Бул тууралуу Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн айыл жерлерин ичүүчү суу менен камсыздоо тармагындагы «Ала-Тоо булагы» программасын ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешмеде билдирди.
«Мисал үчүн, суунун бир куб метри, бул миң литр, Бишкектин бир жашоочусу үчүн 5,38 сом, ошол эле учурда өздүк наркы – 7,70 сом. Желим бөтөлкөдөгү 1 литр суу 20 сомдон ашык турат. Мындай болбошу керек. Калк менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Эгерде биз жер-жерлерде суу менен камсыздоо тутумун жакшыртууну кааласак, анда сөзсүз бааларды кайра карап чыгуу кажет.Чогултулган каражаттар өлкөнүн бардык аймактарын ичүүчү таза суу менен камсыздоо үчүн инфраструктураларды түзүүгө жана кайра калыбына келтирүүгө жумшалат», – деди Премьер-министр.
Мухаммедкалый Абылгазиев баса көрсөткөндөй, өлкө калкы ичүүчү суунун жеткиликтүүлүгүнүн маанисин билиши керек.
«Биздин республика таза сууга бай. Өлкөбүздө суу менен камсыздоонун баасы эң төмөн. Суу – бул баа жеткис байлык, аны ар бирибиз сакташыбыз керек», – деп жыйынтыктады Өкмөт башчы.
Количество просмотров: 92