Алдын ала маалыматтар боюнча, Сочиде колго жасалган алкоголдук ичимдик ичкенден кийин ондон кем эмес адам каза болду. Бул тууралуу Краснодар крайынын сотторунун басма сөз кызматына шилтеме жасап, Би-Би-Синин орус кызматы жазды.
Бул санды тергөөчү чача сатууга айыпталган айыпталуучулардын бирине карата бөгөт коюу чарасын тандоо боюнча сот отурумунда атады.
Сот эки жергиликтүү тургунду камакка алды – алардын бири 30 жашта, экинчиси 71де.
Каза болгондор Сириус поселогундагы «БаZар» базарынан үй чачысын (жүзүм арак) сатып алышкан.
Россиянын Ички иштер министрлиги мурда колго жасалган алкоголдук ичимдиктен үч адам каза болгонун билдирген.
Baza Telegram-каналы Комсомольск-на-Амуре шаарынан келген туристтердин үй-бүлөлүк жубайлары жана Сочиден келген бир үй-бүлөнүн үч мүчөсү чачадан ууланып калганын ырастаган.