Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тажик аскерлери тоскон жол ачылганын кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 17:30дан 18:00гө чейинки аралыкта Тажикстандын чек арачылары бир тараптуу Баткен облусунун Төрт-Көчө жериндеги Баткен-Исфана авто жолун жаап алышкан.
«Чыр-чатактын күчөп кетпөөсүн алдын-алып КР УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Кыялбек Төлөнбаев жана Баткен чек ара отрядынын башчысы полковник Рустам Миршакиров чыр-чатак орун алган жерге жөнөп кетишти. Баткен облусунун мамлекеттик чек аранын аталган аймагында жайгашкан чек ара тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өтүштү. КР УКМКнын Чек ара кызматы чыр-чатакты болтурбоо чараларын көрүп, кырдаалды көзөмөлгө алып турат»,—деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, бүгүн, 27-январда Тажикстандын аскерлери Ош-Баткен-Исфана жолундагы Төрт-Көчөнү тосуп алышканын жергиликтүү тургундар кабарлаган.