• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

«Тажик Эйр» каттамдарын жандандыра турганын билдирди

2 Баш оона 2023 9:56 Бишкек Govori.TV

Миллиондогон карызга батып, төрт жылдан бери учпай калган “Тажик Эйр” авиакомпаниясы каттамдарын кайра жандандырууну чечти.

Мындай чечим түркиялык компаниядан эки учакты ижарага алуу келишиминин негизинде кабыл алынган. Авиакомпаниянын жетекчилиги каттамдар эки айдан кийин башталарын билдирди.

“Тажик Эйр” түркиялык Southwind компаниясынын “Аэробус” учактарын ижарага алат. Алар жакын арада Душанбеге жөнөтүлөт.

“Тажик Эйр” улуттук авиакомпаниясы көптөн бери олуттуу каржылык көйгөйлөрдөн чыга элек. 2018-жылы Вильнюстун Арбитраждык соту авиакомпанияны литвалык өнөктөшү Skyroad Leasing компаниясына 23 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттендирген.

“Тажик Эйр” авиакомпаниясынын учактарынын бир бөлүгү чет өлкөлүк аэропорттордогу карызы үчүн кармалган. Ишкананын кызматкерлеринин көбү акы төлөнбөгөн өргүүдө.

«Озоди» радиосунун 2021-жылдагы иликтөөсүнө ылайык, “Тажик Эйр” салык кызматына, банктарга, аэропортторго жана техникалык кызматтарга 40 миллион доллардан ашык карыз.

Бул арада компаниянын жаңы учактары кайсы багытка, качан учары белгисиз. Азырынча “Тажик Эйр” авиакомпаниясы үчүн эл аралык аба жолдору жабык бойдон калууда.

Количество просмотров: 64