Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын милиция кызматкерлери сүйлөшүп, кыргыз тарап тажик тарапка кирип кеткен малдарын кайтарып алды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Баткен районунун Көк-Таш айылынын 30 жаштагы С.С. аттуу тургунунун жалпысынан 6 баш ири мүйүздүү малдары кароосуз жүрүп, СМУ участкасы менен чектешкен Тажик Республикасынын Исфара районунун Чорку айылына 2023-жылдын 8-июль күнү кирип кеткен.
«Көк-Таш айылдык милиция бөлүмчөсү менен Согди облусунун Исфара-2 РИИБдин милиция кызматкерлери сүйлөшүүлөрдүн негизинде 2023-жылдын 9-июль күнү кыргыз тараптын тажик тарапка өтүп кеткен 6 баш бодо малы кайтарылып, өз ээлерине тапшырылды»,-деп жазылат маалыматта.
Эки өлкөнүн милиция кызматкерлери чек ара аймактарында эки элдин ортосунда ар кандай пикир келишпөөчүлүктөрдүн жана улуттар аралык чыр-чатактардын алдын алуу, чек ара тилкелеринде жашаган тургундарга мал жандыктарына сак болуусун эскертип, коомдук коопсуздукту көзөмөлдөөдө.