• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Тажик-өзбек чек арасында болгон жер титирөө Кыргызстанда да сезилди

26 Жалган куран 2020 14:21 Бишкек Govori.TV

Тажикстан менен Өзбекстан чектешкен аймакта болгон жер титирөө Кыргызстанда да сезилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, күчү очогунда 5,5 баллга жеткен жер титирөө саат 10:44тө катталды.

Жердин титиреши Баткен шаарында жана Баткен районунун Кара-Бак, Чек, Жаңы-Жер, Кызыл-Жол айылдарында үч баллга чейин сезилди.

Баштапкы маалымат боюнча, жер титирөөдөн эч ким жабыркаган жок жана эч нерсе кыйраган жок.

Количество просмотров: 115