• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Тажикстан МАИси Рахмондун күйөө баласынын санаторийи менен келишим түздү

31 Теке 20239:24 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын Мамлекеттик автоинспекциясы 130 адамды эс алдыруу үчүн “Шохамбари” санаторийи менен келишим түздү.

Келишим «Санаторийде 4 маал тамактануу жана 6 күндүк маданий программа менен камсыздоо кызматтары» деп аталат. МАИ бул келишим боюнча санаторийге 344 743 сомони же ар бир кызматкери үчүн 40 доллардан төлөп берүүгө милдеттүү.

Бул 130 адам кызматкерби же башкармалыктын атайын коногубу азырынча белгисиз. Келишимде “Шохамбари” санаторийи бул меймандарды качан кабыл ала турганы да көрсөтүлгөн эмес. Келишим адам өлүмү менен аяктаган жол кырсыктары катталып, бир нече жогорку даражалуу аткаминер иштен алынгандан кийин түзүлгөн.

МАИчилердин катышуусунда адам өмүрүн алган ири автокырсыктардан кийин үч жол кайгуул кызматкери, анын ичинде өлкөнүн МАИ башчысы Сухроб Курбонзода иштен алынган. 12-июлда тажик президенти Эмомали Рахмон анын ордуна Рустам Мирзомуродзоданы дайындаган.

Дал ушул жаңы жетекчиси “Шохамбари” санаторийи менен келишим түзгөн.

Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту изилдөө борбору (OCCRP) иликтөөлөрүнүн биринде “Шохамбари” Тажикстан президентинин күйөө баласы Махмадзоир Сохибовго таандык экенин далилдеген.

Количество просмотров: 88