• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Тажикстан: Соттолгон үч журналист адилетсиз өкүм боюнча акыйкатчыга даттанды

28 Теке 2023 9:54 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын акыйкатчысы Умед Бобозода июлдун башында Душанбедеги абактардын бирине барып, соттолгон үч журналист менен жолугуп чыккан. Бул тууралуу ал өзү 25-июлда өткөн басма сөз жыйынында билдирген.

«Абакта биз 5-июлда болдук. Абдулло Гурбати, Далери Имомали жана Завкибек Саидамини менен жолугуп, 15 мүнөттөй сүйлөштүк. Журналисттер абактагы шарттарга даттанган жок, болгону соттун өздөрүнө карата чыгарган өкүмдөрүнө нааразылык билдиришти. Биз аларга акыйкатчынын атына арыз жазууну сунуштап, анын негизинде ишти кайра кароону талап кылып көрөлү дедик. Алар макул болушту», – деген акыйкатчы.

Далери Имомали, Абдулло Гурбати жана Завкибек Саидамини былтыр жайында кармалган. Сот аларды «Тыюу салынган уюмдар менен кызматташуу» өңдүү беренелер боюнча күнөөлүү деп таап, жети жылдан 10 жылга чейинки мөөнөттөргө эрктеринен ажыраткан. Журналисттер айыптоолорду четке кагып, бийлик аларды негизсиз камаганын айтып келишет.

Азырынча акыйкатчы камактагы башка журналисттер жана блогерлер (Абдусаттор Пирмухаммадзода, Хушом Гулом, Ульфатхоним Мамадшоева, Хуршед Фозилов) менен жолугар-жолукпасы белгисиз.

Буга чейин соттолгон журналисттердин жакындары абакта алардын саламаттыгы начарлап кеткенин бир нече жолу билдиришкен.

Тажикстанда акыркы бир жылдын ичинде сегиз журналист жана блогер камакка алынып, жети жылдан 21 жылга чейинки мөөнөттөргө соттолгон. Алардын иши боюнча соттор жабык өткөн. Айрым журналисттер менен блогерлер абактан жазган каттарында кыйноого кабылганын жазышкан.

Эл аралык укук коргоо уюмдары журналисттер менен блогерлерди камакка алганы үчүн тажик бийлигин сынга алып, аларды тез арада эркиндикке чыгарууга чакырышкан. Бирок расмий Душанбе мындай чакырыктарга эч кандай реакция кылбай келет.

Количество просмотров: 107