• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Тажикстанда банкирди уурдоого шектелгендердин бири кармалды

3 Теке 20239:00 Бишкек Govori.TV

Молдовада «Ориёнбанктын» төрагасынын орун басары Шухрат Исматуллоевди уурдоого шектелгендердин бири  кармалды.

1-июлда Тажикстандын Башкы прокуратурасы 43 жаштагы Рустам Ашуров кармалганын жана ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экенин билдирген.

Молдова бийлиги 30-июнда 43 жаштагы тажик жараны эки адамды — чек ара полициясынын кызматкерин жана аэропорттун коопсуздук кызматкерин атып өлтүргөнүн, бир адам жарадар болгонун кабарлаган.

«Ассошиэйтед Пресс» агенттигинин жазганына караганда, окуянын алдында тажикстандык жаран Молдовадан депортацияланмак. Ал өзүн күтүү залына коштоп бара жаткан кызматкерлердин биринин тапанчасын тартып алып, ок чыгарган.

Молдованын бийлиги коопсуздуктан улам бул жаранга өлкөгө кирүүгө тыюу салынганын билдирди. Атайын операциянын жүрүшүндө ал жараат алып, кармалган.

Тажикстандын Башкы прокуратурасынын маалыматы боюнча уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Рустам Ашуров Шухрат Исматуллоевди барымтага алгандан кийин Евробиримдик өлкөлөрүндө жашынуу максатында Түркия аркылуу Молдовага учуп кеткен.

49 жаштагы Шухрат Исматуллоев «Ориёнбанктын» төрагасы, өлкө президенти Эмомали Рахмондун кайниси Хасан Асадуллозоданын жакын адамдарынын бири болгон. Ал бир жума мурун дайынсыз жоголгон. Укук коргоо органдары аны уурдап кетишкенин, издөө иштери уланып жатканын кабарлаган.

Количество просмотров: 81