• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Тажикстанда бир аптада ун дээрлик 20% кымбаттады

26 Аяк оона 2023 16:03 Бишкек Govori.TV

Тажикстанда акыркы бир жумада ун 18 пайыздан ашык кымбаттады.

Тургундар ундун жетишсиздиги жана баанын көтөрүлүшү Казакстанда да, Кыргызстанда да байкалгандыктан, бийлик бул маселени чечет деп үмүттөнүүдө.

25-сентябрда Душанбе шаарынын базарларында биринчи сорттогу бир кап ундун баасы 330 сомониге (30 долларга жакын) чыкты. Он күн мурун анын баасы 270 сомони болчу.

Ишкерлер ун сырткы факторлордон улам кымбаттап жатканын айтууда.

«Казакстандын өзүндө ундун баасы көтөрүлдү, эми бул кымбатчылык биздин базарларга да жетти», — дейт ун сатуучу Исмоил Нуров.

Тажикстандын Монополияга каршы кызматы Казакстанда аба ырайынын начардыгынан жана нөшөрлөп жааган жамгырдан буудайдын түшүмүнүн бир бөлүгү коромжуга учурап, ал жакта ундун баасы көтөрүлүп кеткенин билдирди. Мекеме ун мындан ары да кымбаттаса, кандай чара көрүлөрүн айткан жок.

Тажикстан өз буудайы менен элдин муктаждыгын камсыздай албайт. Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, өлкө тургундарынын унга болгон жылдык керектөөсү 1,5 миллион тоннаны түзөт, бирок өлкөдө мынчалык дан өндүрө турган айдоо аянты жок.

Кыргызстанда Министрлер кабинети буудай жана буудай унун өлкөдөн ташып чыгууга алты айга тыюу салган токтом кабыл алган.

Количество просмотров: 160