• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Тажикстанда бир нече мөңгүнүн аты өзгөртүлдү

21 Баш оона 2023 9:16 Бишкек Govori.TV

Тажик бийлиги 3 миңге жакын мөңгүлөрдүн, кырка тоолордун, дарыялардын, көлдөрдүн жана башка географиялык объекттердин атын өзгөртүүгө макулдук берди.

Бул тууралуу «Авесто» жана ТАСС маалымат агенттиктери өлкөнүн укуктук маалымат базасында жарыяланган өкмөттүн токтомуна таянып кабарлашты.

Тажикстан бир нече миң географиялык объектилердин атын өзгөртүүнү чечкени өкмөттүн 1-августтагы жыйынында айтылган. Бирок тизме коомчулукка ачык жарыялана элек.

Жогорудагы агенттиктердин кабарлашынча, 19-кылымда жашаган орус окумуштуусу Алексей Федченконун ысымын алып жүргөн Памирдеги эң чоң Федченко мөңгүсү азыр Ванжях деп аталат. 1932-жылы Памир экспедициясына катышкан Владимир Ленин атындагы Мамлекеттик китепкананын мурдагы директору Елена Розмировичтин атын алып жүргөн мөңгү азыр Робия Озод мөңгүсү болуп калды.

Маршал Александр Василевскийдин мөңгүсү азыр тажик акыны Мирзо Турсунзаденин атын алды. Москва мамлекеттик университетинин мөңгүсү Тажик мамлекеттик педагогикалык университетинин мөңгүсү деп аталды.

Тажик бийлиги буга чейин да географиялык объектилердин атын өзгөрткөн. Анын ичинде бийиктиги 7495 метр болгон Коммунизм чокусу 1999-жылы Исмоили Сомони, Ленин чокусу 2006-жылы Абуали ибн Сино чокусу болуп аталган.

Количество просмотров: 110