• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Тажикстанда быйыл ажылык сапардын баасы 5 406 долларды түздү

11 Бугу 2023 16:38 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын өкмөтүнө караштуу Дин иштери жана салт-санааны иретке келтирүү комитети 2023-жылдагы ажылык сапардын баасын жарыялады.

Комитеттин 11-майда жарыялаган билдирүүсүнө ылайык, быйыл Мекке жана Мединада зыярат кылууну каалагандар 5 406 доллар төлөшү керек болот.

Бул сумма зыяратчылардын негизги чыгымдарын камтыйт. Ага учак билети, Мекке жана Мединада мейманканада жайгашуу, үч маал тамак, гид кызматы, Мина, Муздалифа жана Арафат шаарларында түнөө, Зыяратчылардын курмандык чалуу жөрөлгөсүнө кеткен чыгымдары, Жидда — Мекке — Мина — Арафат — Муздалифа — Мина — Мекке — Медина багыты боюнча зыяратчыларды транспорт менен камсыздоо, Мекке жана Мединада фельдшердик-акушердик пункттарды уюштуруу, камсыздандыруу, мамлекеттик алым, зыяратчыларды эскертме китепчелери жана төш белгилер менен камсыздоо кирет.

Тажик зыяратчылары 10-июндан 20-июнга чейин ажылык сапарга чыга алышат. Комитет быйылкы ажылык сапардын баасы былтыркыга салыштырмалуу 1520 сомониге арзан экенин билдирди. Өткөн жылы дин иштери боюнча комитеттин өкүлдөрү Сауд Арабиясы COVID-19га байланыштуу чектөөлөрдөн улам ажылар үчүн кызмат көрсөтүүнүн баасын жогорулатканын айтышкан.

Быйыл Сауд Арабиясы Тажикстанга ажылык үчүн 7 миң квота бөлгөн.

Количество просмотров: 37