• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Тажикстанда райондук соттун төрагасы пара менен кармалды

24 Бугу 2023 8:45 Бишкек Govori.TV

Согд облусундагы Жаббор Расулов райондук сотунун төрагасы Насрулло Садриддинзода «судьянын ар-намысына жана кадыр-баркына доо кетирген аракети үчүн» кызматтан алынды. Өлкө президентинин тиешелүү жарлыгы 23-майда жарыяланды.

«Озоди» радиосу өз булактарына таянып, Насрулло Садриддинзодага каршы «Пара алуу» беренеси менен кылмыш иши козголгонун кабарлады. Маалыматка караганда, ал жергиликтүү тургундардын биринен 23 миң сомони (2 миң доллар) өлчөмүндө пара алып жаткан маалда кармалган. Учурда Садриддинзода тергөө абагында камакта отурганы айтылууда.

23-майда жарыяланган президенттин жарлыгы менен Тоолуу Бадахшан автоном облусунун сотунун судьясы Зафар Кодирзода да кызматтан алынды. Билдирүүдө ал да «судьянын ар-намысына жана кадыр-баркына доо кетирген аракети үчүн» иштен кеткени жазылган.

Буга чейин «Озоди» радиосунун булактары Кодирзода Душанбеде кармалып, ага каршы «Пара алуу» жана «Алдамчылык» беренелери менен кылмыш иши козголгонун билдиришкен.

Тажикстанда акыркы он жылдын ичинде «судьянын ар-намысына жана кадыр-баркына доо кетирген аракети үчүн» деген жүйө менен 30га жакын судья кызматтан алынып, түрдүү мөөнөттөргө соттолду.

Тажикстанда жалпысынан 400дөн ашык судья иштейт. Укук коргоо уюмдары өлкөнүн сот системасы аткаруу бийлигине көз каранды экенин белгилеп, ошондуктан судьялар өз алдынча чечим чыгарбай турганын билдирип келишет.

Количество просмотров: 52