• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Тажикстанда соттолгон кыргыз жарандарын мекенине кайтаруу маселеси көтөрүлдү

5 Кулжа 2023 9:10 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев 2-июнда Тажикстандын башкы прокурорунун орун басары Дилшод Талбакзода менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекемеден кабарлашкандай, жолугушууда Тажикстанда жүргөн кыргызстандыктардын укуктарынын корголушу жана бул өлкөдө соттолуп, жазасын өтөп жаткан кыргыз жарандарын Кыргызстандын абактарына которуу маселеси көтөрүлдү.

ТИМ Тажикстанда канча кыргыз жараны абакта жатканын тактаган жок. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 2022-жылы Тажикстанда ондон ашык кыргызстандык соттолуп, жазасын өтөп жатканын маалымдаган.

Количество просмотров: 53