• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Тажикстанда өспүрүмдөр армияга «күч менен алынып кетип жатканы» кабарланууда

11 Чын куран 2022 17:07 Бишкек Govori.TV

Тажикстанда жазгы аскерге чакыруу өнөктүгү өспүрүмдөрдү «армияга күч менен алып кетүү» көрүнүштөрү менен башталды.

Социалдык түйүндөрдө жарандык кийимчен адамдар өспүрүмдөрдү кармап, күч менен автоунаага отургузуп жатканы тартылган видеолор жарыяланууда.

«Жарандык эркиндик кеңсеси» деп аталган коомдук уюмдун башчысы Дилрабо Самадова буга чейинки жылдардагыдай эле быйыл да өспүрүмдөр армияга күчтөп алынып кетип жатканы боюнча даттануулар түшүп жатканын билдирди.

«Былтыр аскер курагындагы бир нече өспүрүм аэропорттордо кармалганы боюнча даттануулар болгон. Быйыл да чет өлкөгө кетүүнү каалаган өспүрүмдөргө чет элдик паспорттор берилбей жатканы кабарланууда», — деди ал.

Социалдык түйүн колдонуучуларынын бири Лахш районунда (мурдагы Жерге-Тал району) Орусияда жүргөн аскер курагындагы өспүрүмдүн атасы кармалып, ага «уулуң мекенине кайтып келсин» деп басым көрсөтүлгөнүн жазды. Азырынча бул маалыматтын чын-төгүнүн текшерүү мүмкүн боло элек.

Башка интернет колдонуучулар да өспүрүмдөр аскерге күч менен алынып кетип жатканын билдирүүдө.

Тажикстанда жазгы аскерге чакыруу өнөктүгү 1-апрелде башталып, майдын аягына чейин созулат. Өлкөдө жыл сайын өспүрүмдөрдү «армияга күч менен алып кетүү» көрүнүштөрүнө даттангандар көп болот. Бийлик мындай билдирүүлөрдү дайыма четке кагып, алар армияга өз каалоолору менен кетип жатканын билдирип келет.

Булак: centralasian.org.

Количество просмотров: 6708