• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Тажикстандын кол салуусунан жабыркагандардын саны 185ке жетти

20 Аяк оона 2022 13:04 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2022-жылдын 20-сентябрынын таңына карата (оперативдүү маалымат) саламаттык сактоо уюмдарына жаткырылган жабырлануучулардын жалпы саны 185 жабырлануучуну түзүп, анын ичинен 21 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөнүн маалымдайт.

Ооруканаларда жалпысынан 164 адам дарылануусун улантууда.

Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарында 60 жабырлануучу дарылоодон өтүүдө, 104 адам Бишкек жана Ош шаарларынын саламаттык сактоо уюмдарына которулду:

1. Улуттук госпитал – 75 жабырлануучу;
2.  Улуттук хирургиялык борбор – 8 жабырлануучу;
3.  Эне жана баланы коргоо улуттук борбору – 8 жабырлануучу;
4. Тез медициналык жардам ооруканасы – 9 жабырлануучу;
5. Ош облустук бириккен ооруканасы – 4 жабырлануучу;

Бардык жабырлануучуларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү санда бар.

Баткен облусундагы куралдуу кагылыштан каза болгондордун жалпы саны 59 адамды түзөт.

Количество просмотров: 64