14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалда 59 жаран каза болгону кабарланган. Дайынсыз болуп жаткандар да бар.
19-сентябрда өткөн брифингде Кыргызстандын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Марат Иманкулов чек арадагы салгылашууда кыркка жакын жоокер каза болгонун билдирген. Анын айтымында, цифралар өзгөрүшү мүмкүн, учурда тактоо иштери уланып жатат.
Чек арада курман болгон, тек-жайы аныкталган айрым аскер кызматкерлеринин тизмеси топтолду.