• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Тажикстандын президенти Кыргызстанга келди

26 Жетинин айы 202519:09 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн Кыргызстанга келди.

“Манас” эл аралык аэропорттон Президент Эмомали Рахмонду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Аэропортто килем төшөлүп, Ардактуу кароол тизилди. Сыйлуу конокко кыскача концерттик программа тартууланды.

Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясы 27-ноябрда Бишкекте Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында өткөрүлөт.

Количество просмотров: 118