• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Тблисиде мөөнөтсүз акция башталды

4 Теке 2022 16:12 Бишкек Govori.TV

Грузиянын баш калаасы Тблисиде өлкөнүн бардык аймактарынан келген он миңдеген киши парламент имаратынын алдында чогулуп турат. Алар бир жума мурда «Үйүбүзгө – Европага» аттуу коомдук кыймылды демилгелеп, грузин бийлигине өз талаптарын аткаруу үчүн жети күндүк мөөнөт беришкен.

Ультиматумга ылайык, премьер-министр Ираклий Гарибашвили жекшемби күнгө чейин отставкага кетип, бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы Европа биримдигине (ЕБ) мүчө болууга талапкер макамын алуу үчүн коюлган 12 талапты ишке ашыруу үчүн эл ишенген «техникалык өкмөт» түзүүгө макулдугун бериши керек болчу.

Акциянын жүрүшүндө Гарибашвилинин өкмөтү отставкага кетмейинче митингди улантуу чечими кабыл алынганы жарыяланды. Митингде грузин жана украин ырлары ырдалып, тынч мүнөздө өтүүдө.

17-июнда Европа комиссиясынын башчысы Урсула Фон Дер Лайен Украина менен Молдовага ЕБге мүчө болууга талапкер деген макам берилгенин билдирген. Грузияга бул макам бир нече шарттарды аткаргандан кийин бериле турганы айтылган. Алардын арасында өлкөнүн саясий жана экономикалык тармагын олигархтардан тазалоо, сот системасынын көз карандысыздыгын, журналисттердин, ошондой эле түрдүү азчылыктардын укуктарынын сактылышын камсыз кылуу шарттары бар.

Премьер Гарибашвили отставкага кетүүдөн баш тартып, бийликтеги «Грузин кыялы» партиясынын лидери Ираклий Кобахидзе оппозицияга ЕБдин шарттарын этап-этабы менен аткаруу үчүн бир нече парламенттик комиссия түзүүнү сунуштады.

Оппозициялык партиялардын лидерлери, анын ичинде Михаил Саакашвилинин «Бирдиктүү оппозициялык кыймылы» «Грузин кыялы» менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү «маанисин жоготту» деп эсептөөдө.

Количество просмотров: 291