• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

ТЭЦке экс-премьер Сапар Исаков башкы жоопкер болот

17 Бугу 2018 17:12 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 17.05. 2018. Govori.TV

«ТЭЦтин авариясы менен модернизацияга кеткен 386 млн. доллардын жумшалышы боюнча депутаттык комиссиянын корутундусуна өзгөртүүлөр кирет. Экс-өкмөт башчы Сапар Исаковдун жоопкерчилиги өзүнчө пункт менен бөлүп жазылат”. Бул маалыматты ЖКдагы өздүк булактарыбыз билдирди.

Анда белгилүү болгондой, модернизация маселеси боюнча артыкбаш чыгымдар, Кытайлык компаниянын кызыкчылыгы ал кездеги Президенттик аппараттын тышкы саясат боюнча бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков тарабынан корголгону иликтөөнүн жүрүшүндө жана корутундуну талкуулоодо белгилүү болгон.

Мисалы, экс-министр  Осмонбек Артыкбаев ал кезде министрлик Сапар Исаковдун  Бишкек ТЭЦин модернизациялоо жөнүндө тапшырмасын аткарганын ачык айтты. “ТЭЦти модернизациялоодо кимдер чечти, ушунда чоң маселе турат. Алар ишти аткаргандар эмес, алар чечим кабыл алууга укуктуу болгондор. Тилекке каржы, азыр тапшырма бергендерди эмес, болгону аткаруучуларды күнөөлөп жатышат”,-деген ал.

Ошону менен Жогорку Кеңеш токтом менен корутундуну кабыл алса, анда укук коргоо органдары тарабынан буга чейинки козголгон төрт кылмыш ишине ылайык, түздөн түз тиешелүү адам катары камакка алынышы ыктымал.

Количество просмотров: 3