• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

ТЭЦтин экс-директору көп нерсени ачыктады «Толук видео»

14 Жалган куран 2018 10:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек.14.03.2018.Govori.TV

Бишкек ЖЭБдин мурдагы директору биздин агенттикке ЖЭБдеги авариянын негизги себептери тууралуу маек курду.

Нурлан Өмүркул уулу Жылуулук электр борборун жаңылоодо алынган айрым аспаптар да өз баасынан бир нече эсе кымбатка сатылып алынганын, бир эле аттиштин баасы 600 доллар деп көрсөтүлгөнүн айтып чыкты. «Электр станциялары» ишканасы Өмүркул уулунун бул маалыматын четке каккан жок.

Социалдык түйүндөрдө Бишкек ЖЭБине 128 видеокамера орнотуш үчүн 1,8 млн. доллар сарпталганы тууралуу маалымат кызуу талкууланып, нааразылык туудурууда.

Быйыл 26-январда Бишкек Жылуулук электр борборундагы суу бөлүштүрүүчү жабдуу иштен чыгып, катуу суукта абоненттерге беш күн бою жылуулук берилген жок. Бул кырдаал жарым жыл мурда модернизацияланган жылуулук борборуна карата сын пикирлерди күчөтүп, Кытай берген ири суммадагы каражаттын максаттуу сарпталганы жөнүндө суроо жараткан.

Жылуулук электр борборун жаңылоодо жана кытайлык TBEA компаниясы менен келишим түзүүдө кемчиликтер орун алганын Эсеп палатасы жана депутаттык комиссия аныктаган. ЖЭБди жаңылоого берилген 386 млн. доллар Кытайдын Кыргызстанга берген карызы болуп эсептелет.

Количество просмотров: 8