• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Текебаев депутаттык мандатын кайтарып алуу үчүн сотко кайрылды

23 Кулжа 202117:27 Бишкек Govori.TV

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев депутаттык мандатын кайтарып алуу үчүң Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна арыз жазды. Бул тууралуу Govori.TVга Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, соттук отурум 25-июнь күнү саат 15:00дө өтөт.

Эске салсак, Бишкек шаардык соту «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратуу тууралуу өткөн жылдын 25-декабрында чечим чыгарган. Текебаевдин мандаты Шералы Абдылдаевге берилген.

Количество просмотров: 391