• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Текебаев Германия президентине ишеним грамоталарын тапшырды

6 Бугу 2022 10:00 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев аталган өлкөнүн президенти Франк-Вальтер Штайнмайерге ишеним грамоталарын тапшырды. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Текебаев Штайнмайер менен салтанаттуу аземден кийин болгон сүйлөшүүдө Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан герман тараптын көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык сөздөрүн жолдоп, быйыл Кыргызстанга расмий сапар менен келүү чакыруусун айтты.

«Президент Штайнмайер жана элчи Текебаев 2022-жылдын 3-февралында Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толгондугун белгилешип, кыргыз-герман кызматташтыгынын ар тармактарын мындан ары да чыңдоо маселелерин талкуулашты. Өмүрбек Текебаев Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар жана учурдагы социалдык-экономикалык абал тууралуу маалымат берди. Андан тышкары Борбор Азиядагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду»,-деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун соңунда Германия президентинин Бельвю сарайында Кыргызстандын желеги салтанаттуу түрдө көтөрүлдү.

Количество просмотров: 545