Тилек Текебаев транспорт жана коммуникациялар министри болуп дайындалды.
Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду. «Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде Текебаев Тилек Кыдырмаевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, транспорт жана коммуникациялар министри болуп дайындалды», — деп айтылат билдирүүдө.