• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Министр Баткен облусундагы жол оңдоо иштеринен кабар алды 

14 Баш оона 20248:19 Бишкек Govori.TV

Транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаевдин Баткен облусуна жасаган жумуш сапары Кара-Жантак жолундагы жер иштеринин жүрүшүн текшерүү менен башталды.

Ведомстводон маалымдашкандай, 2024-жылга карата капиталдык салымдар беренесинин эсебинен аталган унаа жолдун 3 чакырымына асфальт төшөө каралган. Иш ыргагы менен жеринен таанышкан жетекчи пландалган бардык жумуштарды 31-августка чейин бүтүрүүнү тапшырды.

Ошондой эле ал жер иштери жүрүп жаткан Кан-Бор-Балык унаа жолунун планга кирген 5 чакырым аралыгын асфальттоо жумуштарын 10-сентябрга чейин аяктоо талабын койду.

Абсаттар Сыргабаев Баткен – Кара-Бак – Чоң-Талаа, Баткен – Боз-Адыр (асфальт төшөө иштери жүрүүдө, жалпы 7 чакырым) жана Айгүл-Таш – Согмент – Таян, Бужум –Баткен– Исфара унаа жолдорун көрүп, 2024-жылдын планына кирген жумуштарды мөөнөтүнөн кечиктирбестен бүткөрүүнү жана колдо бар мүмкүнчүлүктү пайдалануу менен иш ыргагын ыкчамдатууну тапшырды.

Количество просмотров: 162