• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Текебаевдин иши боюнча 5 жаңы жагдай жаралды

21 Бугу 2018 12:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 21. 05. 2018. Govori.TV

Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөн Чотоновго карата сот чечими чыгаарда, алардын күнөөсүз экендигин далилдеген негизги беш жагдай жаралгандыгын Текебаевдин адвокаттары таап чыгышты. Буга байланыштуу иштин кайра каралышы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын маалымат жыйынынан кийин, Жогорку Сотко арыз берилиши мүмкүн.

“2010-жылдын 13-майында негизги күбө Леонид Маевский Бишкекте турмак, Кыргызстанда болгон эмес. Бирок, башка Маевский болгон. Бизде далилдүү фактылар бар. Мындан тышкары, ушул күнү Модин “Супарага” барган эмес, шаардын кайсы жерлеринде жүргөнүн аныктадык. Текебаев Маевский жана Модин менен “Супарада” жолукпагандыгы боюнча жаңы далил таптык”, — деди Текебаевдин адвокаты Таалайгул Токтакунова.

Жаңы ачылган 5 жагдай Текебаев жана Чотоновго карата чыккан 3 инстанциянын өкүмдөрүн толугу менен жокко чыгарып, алардын күнөөсүз камалып кеткендигин далилдеп отурат, — деп кошумчалады адвокат Токтакунова.

Эске сала кетсек, бүгүн ЖКда депутаттар Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароо боюнча өтүнүч келтирээри айтылууда.

Количество просмотров: 10