• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Текебаевге ырайым кылуу сунушу аткарылган жок

10 Үчтүн айы 2019 17:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 10.01.2018. Govori.TV

Экс-президент Роза Отунбаеванын Өмүрбек Текебаевге ырайым көрсөтүү өтүнүчү токтотулду. Бул тууралуу президенттин алдындагы ырайым берүүчү комиссиянын жооптуу катчысы Кырккелди Кыдырбаев билдирди.

Анын айтымында, экс-президенттин кайрылуусу Жаза аткаруу кызматына жөнөтүлгөн.

«Алар ырайым көрсөтүү үчүн керектүү болгон талаптар менен толуктап комиссияга жөнөттү. Комиссиянын катчылыгы карап чыгып, Роза Отунбаеванын кайрылуусун токтотту. Анткени, ырайым көрсөтүүдө соттолгон кишинин пикири угулат. Ал макулдук берип, өлкө башчысына кайрылышы керек. Өмүрбек Текебаев каршылыгын билдирип, өзүнүн күнөөсүз экендигин айтып, ырайым суроодон баш тартты. Бул боюнча Роза Отунбаевага жооп жөнөтүлөт», — деди ал.

Белгилей кетсек, Роза Отунбаеванын Өмүрбек Текебаевге ырайым кылуу сунушун парламенттин алты фракциясынын лидерлери баары колдогон. Өмүрбек Текебаев сегиз жылга соттолгон.

Количество просмотров: 30