• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Чек арадагы такталбаган тилкелерде курулуш иштери токтотулду

1 Бештин айы 2021 8:58 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасынын такталбаган аймагында Тажикстан курулуш ишин баштаганын, Кыргызстан аны токтотконун билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда мурда жетишилген макулдашууларга карабастан, Сүлүктү-Пролетарск темир жолунун Лейлек районунун аймагындагы тилкесин тажик тарап демонтаждоо ишин баштаган. Тажик жарандары такталбаган тилкеге мыйзамсыз кирип барган. Тажикстандын 30-35тей жараны Максат-Арка автоунаа жолунун боюна кура баштаган тосмо Кыргызстандын чек ара кызматынын талабы менен токтотулду.

«Кыргызстан Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Чек тилкесинде жергиликтүү тургундарга үй курууга даярдык баштаган. Чек ара кызматынын маалыматына караганда, тажик жарандары ага каршы Көк-Таш конушунун маңдайындагы Сомониён участкасында курулушту улантышкан. Эки өлкөнүн чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушуп, тараптар курулуштарды токтотту»,-деп айтылат маалыматта.

Тажикстан бул боюнча маалымат бере элек. Кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймактардын айынан улам жаңжал чыгып турат. 2021-жылдын жазындагы куралдуу кагылышта эки тараптан ондогон тургундар, аскерлер көз жумган.

Количество просмотров: 66