• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Телеграмдын негиздөөчүсү быйыл Борбор Азияга келүүнү пландоодо

11 Кулжа 2024 9:15 Бишкек Govori.TV

Телеграмдын негиздөөчүсү Павел Дуров ушул жайда Борбор Азияга барууну пландап жатканын өзүнүн каналы аркылуу билдирди.

«Телеграмдын башкы директору катары мен эмгек өргүүгө чыкпайм. Анын ордуна адаттан тыш жерлерде биздин колдонуучулар менен жолугуп иштей берем. Ушул жайда мен Борбор Азияга барып, ал жактагы жашоо кандай экенин көрүп, адамдар Телеграмды кантип колдонорун жана алардын санариптик муктаждыктарын изилдөөнү чечтим», — деп жазган ал.

Павел Дуров кайсы өлкөлөргө жана качан барууну пландап жатканын тактаган жок, бирок ал «өзүнүн ачылыштарын» Telegram каналынын катталуучулары менен бөлүшүүгө убада берди.

Павел Дуров Дубайда жашайт, Орусиянын, Франциянын, Бириккен Араб Эмираттарынын, ошондой эле Сент-Китс жана Невис мамлекетинин жарандыгын алган. Ал Forbes рейтингинде 15,5 миллиард доллар байлыгы менен 122-орунда турат.

Теги:
Количество просмотров: 69