Telegram месенжеринин жамааты Павел Дуровдун кармалышы боюнча билдирүү таратты. Анда компаниянын директору Павел Дуровдун жашыра турган эч нерсеси жок экени айтылган.
Ошондой эле ал Европада көп саякаттай турганы жана Telegram Евробиримдиктин мыйзамдарын, анын ичинде санариптик кызмат көрсөтүү боюнча мыйзамдарды сактап келгени айтылат.
24-августтун кечинде француз телеканалдары Telegram месенжеринин негиздөөчүсү, миллиардер Павел Дуров Азербайжандан жеке самолет менен учуп келгенде кармалганын кабарлаган.
TF1 укук коргоо органдарындагы булактарына таянып, Дуров месенжердин негиздөөчүсү катары маңзат аткезчилигине, балдарга каршы кылмыштарга жана алдамчылыкка салым кошууга шек саналып жаткан болушу ыктымалдыгын жазган.