• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Темир Сариев: “Пансионаттар Кыргызстандын мыйзамдуу менчиги, аны эч ким талаша албайт”

13 Бештин айы 2017 14:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек 13.12.2017. Govori.TV  Динар Турдугулова 

Темир Сариевдин өкмөтүнүн тушунда Кыргызстан эгемендүүлүк жылдардан бери карай Өзбекстан колдонуп келе жаткан 19 объектини кайтарып алган. Анын ичинде Ысык-Көлдөгү 4 пансионат бар. Демек, пансионаттар толук кандуу Кыргызстандын балансындагы мүлктөр болуп саналат. Бул тууралуу коомдук жана саясий ишмер Темир Сариев биздин каналга берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттин менчигин эч ким эч качан талаша албайт. Анткени, ал келишимдерде да каралган.

“Өкмөт Өзбекстанга кайтарып берүү керек деп жаткан 4 пансионат Мүлк министрлигинин балансында турат. Аны берүү мыйзамда деги жок. Башка маселе, биргелешип иштешүү, атайын келишимдин, шарттардын негизинде кайсы бир мөөнөткө чейин ижарага берсек. Өзбекстан канчалык бизге кошуна, тууган, алакалаш өлкө болгон күндө деле, шарттарсыз жөн эле кармата берген болбойт”,- дейт Темир Сариев.

Ал эми шарттар катары кошуна өлкө бардык салыктарды милдеттүү түрдө төлөшү, биздин мыйзамдарды толук сакташы, инвестиция кылып, пансионаттардын сапатын көтөрүп, жылында он эки ай иштетиши керектигин атайт.

Өзбекстан арбитраждык сотко бул маселени чечүү боюнча кайрылып, менчик укугун талашып жатат деген болбогон сөз. Андай болсо, сотко чейин баралы, пансионаттар Кыргызстандын мыйзамдуу менчиги экени чындык”, -деп кошумчалады Темир Сариев.

Анын айтымында, Уңгар тоо чек арада турат. Ал жер  ушул убакытка чейин тактала элек. Чек арадагы жер башка нукта чечилиши керек, ал эми биздин аймакта турган мекемелер биздики, ал талашка алынбаш керек.

Количество просмотров: 27