• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Темир Сариев, саясатчы: “Айбек Калиев абдан патриот жигит…”

18 Бугу 2018 17:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 18.05. 2018. Govori.TV

“Айбек Калиев жапжаш, абдан патриот, өз ишине тың бала. Тилекке каршы, тагдыры талкаланып жатат…”  Бул сөздөрдү “Марал” радиосуна маек берип жаткан учурда мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев айтты.

“Азыр ТЭЦтеги маселе боюнча Рыскелди Момбеков тамаша аралаш айткандай, “жегендер кутулуп, дегендер тутулуп” жатат. Ошон үчүн бул иштин башында тургандар жигиттик кылып, буйрук берсе буйрук бердим деп, “мен кат жөнөткөм, министрликтерге мен сунуштагам” деп ачыгын айтышы керек болчу. Күнөөсүз, аткаруучу балдар камалып, алардын үй-бүлөөсү кошо жабыр тартып жатышат”,-дейт ал.

Эске сала кетсек, Энергохолдингдин башчысы Айбек Калиев ТЭЦтин авариясына байланыштуу УКМК тарабынан камакка алынган.

Количество просмотров: 22