Кара-Балта—Кайыңды темир жолунун 3712-чакырымында 7-июнда саат 17:42де поезддин машинисти жөө адамды сүзүп кетпөө үчүн поездду ыкчам токтотууга мажбур болгон. Бул тууралуу видео социалдык тармактарда тарады.
Учурда бул факт боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп, жөө аялдын өздүгү такталып жатат.