• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Теплоключенка айылындагы көпүрөнүн курулушу аяктап, колдонууга берилди

28 Тогуздун айы 202414:23 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылындагы узундугу 31 метрди түзгөн көпүрөнүн курулушу толугу менен аяктап, колдонууга берилди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, көпүрөнүн ачылышы 25-октябрда айылдын аксакалдары, Ак-Суу районунун акими Мунарбек Насиров жана №11 Жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Азизбек Дыйкановдун катышуусунда болду.

Аталган көпүрө селден улам жараксыз абалга келип, жаңы көпүрөнүн курулуш иштери 2023-жылы башталган. Көпүрөнүн узундугу 31 метрди түзгөн, эки тилкелүү болуп курулду.

Теги:
Количество просмотров: 142