• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Нарын дарыясына кулап түшкөн «КамАЗ» суудан чыгарылды, айдоочу изделүүдө

14 Баш оона 202510:27 Бишкек Govori.TV

Нарын облусунун Нарын районундагы Дөбөлү айыл аймагынын Эки-Нарын жана Таш-Башат айылдарын бириктирип турган ички чарбалык унаа өтүүчү жыгач көпүрөдөн унаасы менен түшүп кетип, дайынсыз болуп жаткан айдоочуну издөө улантылууда. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.

Бүгүн, 14-августта КР ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын жетекчилигинде жалпы 39 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 50 адам, жалпы 90 адам тартылды.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын 13-августунда аталган көпүрөдө КАМАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа өтүп бара жатканда көпүрө сынып, унаа Нарын суусуна кулап түшүп, айдоочу 1984-жылы туулган А.А. аттуу эркек киши дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Ошондон бери издөө тынымсыз жүрүп жатат.

Эске салсак, Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен өткөн жылы Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адистери Нарын дарыясынан Эки-Нарын айылына өтүүчү көпүрөгө изилдөө жүргүзүшкөн. Натыйжада жыгач көпүрө адам өмүрүнө, автоунаалардын өтүүсүнө кооптуулук жарата тургандыгы аныкталып, 2024-жылдын 18-сентябрында тиешелүү тармактарга жаңы көпүрө куруу сунушу менен корутунду жөнөтүлгөн.

Количество просмотров: 164