• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Тез жардам борборунун жетекчилиги мыйзамсыз 18,4 млн сомду өздөштүрүп алган

16 Бирдин айы 2024 9:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Бишкек шаарынын Тез жардам борборунда текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалыматында айтылат.

Маалыматка ылайык, текшерүүдө, 2022-жылы жана 2023-жылдын 7 айында Бишкек шаарынын Тез жардам борборунун жооптуу кызмат адамдары жана жетекчилиги, кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып, айлык акынын үнөмдөө фондусуна бөлүндү деген шылтоо менен, эмгекке катышуу коэффициенти катары 18 млн. 126 миң сомду борбордун бардык кызматкерлерине төлөбөстөн, өздөрү мыйзамсыз бөлүп алышкандыгы аныкталган.

Мындан сырткары, аталган борбордун жетекчилиги дарыгерлерге, орто жана кенже медициналык персоналга айлык акыга кошумча төлөм катары каралган акчаны ай сайын өздөрү да мыйзамсыз алышып, жалпысынан 287 миң сомдук материалдык зыян келтиришкен.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүү Кыргыз Республикасынын УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгына тапшырылды.

Количество просмотров: 262