• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

«TezJet» каттамдардын жылдырылышы боюнча комментарий берди

21 Тогуздун айы 202411:35 Бишкек Govori.TV

«TezJet» авиа компаниясы каттамдардын жылдырылышы боюнча комментарий берди.

Компаниядан билдиришкендей, каттамдар күтүлбөгөн техникалык кырдаалга байланыштуу жылдырылды. Учактарды техникалык текшерүү жүргүзүлүп, көйгөйлөр чечилди.

Компаниядан баса белгилешкендей, каттамдары которулган жүргүнчүлөр кийинки жеткиликтүү каттамдарга жайгаштырылат же төлөм толук кайтарып берилет.

«Учурда бардык каттамдар кадимки режимде иштеп жатат, бирок каттамдар убагынан кечигиши мүмкүн. Авиакомпания нормалдуу графикти мүмкүн болушунча тез арада калыбына келтирүү үчүн иштеп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, кечээ, 20-октябрда «TezJet» компаниясынын ички каттамдары белгисиз мөөнөткө токтотулганы айтылган.

Количество просмотров: 82