• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Тик учактардын жана учактардын учуусуна чектөө кирди

6 Үчтүн айы 202512:52 Бишкек Govori.TV

Аба ырайынын өзгөрүүсүнө байланыштуу 6, 7 жана 8-январда Төө-Ашуу жана Суусамыр ашуулары тик учактардын учуусуна жабык болот.

ӨКМдин басма сөз кызматы 6-январда кабарлаганы боюнча, Жалал-Абад жана Ош облустарында туман жана төмөн булуттардан улам тик учактардын учуусу убактылуу токтотулат.

Аба ырайынын өзгөрүүсүнөн улам 6-январда саат 07:50дөн тартып «Ош» эл аралык аэропортунда учактардын учуп-конуусуна убактылуу чектөө киргизилди. Буга Ош шаарында туман түшкөнү негиз берген.

Маалыматка ылайык, 9-10-январь күндөрү күн ачылып, учуулар кайра жанданат.

Количество просмотров: 323