Алдын ала маалыматтар боюнча, Жеңиш чокусу районунда италиялык альпинист каза болду. Дагы эки чет элдик альпинистердин абалы оор. Вертолет Ми-8 эвакуация үчүн учуп кетти.
Коргоо министрлигинин тик учагы Жеңиш чокусуна катуу конду. Бул тууралуу Sputnik_Kyrgyzstan жазып чыкты.
МИ — 8 альпинисттерди эвакуациялоо үчүн учуп кеткен. Алдын ала маалыматтар боюнча алардын арасында каза болгон — Италиядан келген турист бар. Дагы эки альпинисттин — Россиядан жана Германиядан келгендердин абалы оор.
«Бийик тоолуу жана татаал метеостанция шартында тик учак катуу конду. Экипаждын мүчөлөрү жана куткаруучулар бортто болушкан, бардыгы тирүү. Бир нече адам өмүрүнө коркунуч келтирбеген, ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышты», — деп билдиришти Коргоо министрлигинен.
Окуя болгон жерге жабырлануучуларды эвакуациялоо үчүн адистер жөнөтүлдү.
Министрлик куткаруу иштерин улантууда жана өздүк курамдын коопсуздугун камсыз кылуу жана эвакуациялоо иш-чараларын аяктоо үчүн бардык чараларды көрүүдө.