• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Гондураста учак кулап, 6 адам каза болду

18 Жалган куран 202511:02 Бишкек Govori.TV

Гондураста учак кулап, кеминде 6 адам каза болду. Бул тууралуу ТАСС La Prensa басылмасы жазганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, 33 жүргүнчүгө ылайыкталган учак деңизге кулап түшкөн. Роатан аралынан учкан учакта 15 киши болгону, алардын алтоо көз жумганы айтылды.

Куткаруу кызматтары тарабынан 10 адам куткарылып, ооруканага жеткирилген.

Полициянын алдын ала маалыматы боюнча, кырсык механикалык бузуктуктан улам келип чыккан.

Количество просмотров: 111