• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

TikTok Казакстанда өкүлчүлүгүн ачууну пландоодо

27 Тогуздун айы 2022 9:15 Бишкек Govori.TV

TikTok платформасы быйыл күздө Казакстанда өз өкүлчүлүгүн ачууну пландап жатат. Бул тууралуу казак басылмалары TikTok Global Business Solutions компаниясынын Чыгыш Европа боюнча директору Анастасия Панинанын Astana Media Week пленардык жыйынында айткан сөзүнө шилтеме кылып кабарлашты.

«Көп жаңы контент пайда болуп жатат. Себеби Казакстанда аудитория чыгармачыл, жарандар өзүн таанытуу үчүн платформаны пайдаланып жатышат. Платформа катары биз коомдоштугубузга жакын болгубуз келет. Ошондуктан ушул күздө Казакстанда өкүлчүлүгүбүздү ачабыз», — деген Панина.

Анын айтымында, TikTok’тун кеңселери Астана жана Алматы шаарларында жайгашат.

3-майда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев балдар укугун коргоо жөнүндө мыйзамга кол койгон. Бул мыйзамга ылайык, бийлик мессенжерлер менен соцтармак ээлеринен балдарга карата кибербуллинг деп таанылган контентти алып таштоону талап кыла алат.

Мыйзам долбоорунун баштапкы версиясында чет элдик социалдык түйүндөр өз филиалдарын Казакстанда ачышы керектиги белгиленген. Кийинчерээк муну республикада өзүнүн мыйзамдуу өкүлүн дайындоо талабы менен алмаштырышкан.

Мыйзамга каршы чыккандар, анын ичинде санариптик укук коргоочулар бийлик кибербуллингге каршы күрөшүү шылтоосу менен өзүнө ылайыксыз болгон контентти бөгөттөшү ыктымал экенин айтышкан.

Количество просмотров: 73