Айыл чарба жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев 29-ноябрда мал базарга барып, бааларын билди.
Маалыматка караганда, малдын этин сыртка чыгарууга тыюу салынгандан кийин малдар 5 миңден 10 миңге чейин арзандаган.
Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстанда эттин баасы эки эсе жогорулаган. Бул себептен улам малды ЕАЭБ өлкөлөрүнөн сырткары экспорттоого тыюу салынган.