• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

ТИМ: 2019-жылы Түркиядан Инандыны экстрадициялоо сунушу түшкөн

7 Кулжа 2021 17:10 Бишкек Govori.TV

«Сапат» билим берүү мекемелеринин  президенти Орхан Инандыны экстрадициялоо боюнча 2019-жылдын март айында Түркиядан сунуш келип түшкөн. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Жогорку Кеңештин комитетинин жыйында билдирди.

«Кезинде Тышкы иштер министрлиги, ИИМ жана Башкы прокуратура менен сунушту карап, четке каккан. Буга анын кыргыз жарандыгын алгандыгы себеп болгон»,-деди Артыкбаев.

Белгилей кетсек, Орхан Инанды Кыргызстанда 20га жакын «Сапат» жеке лицейинин, эл аралык «Ала-Тоо» университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири. Ал Бишкекте иштеп, Кыргызстандын жарандыгын алган. Анын эшиги ачык калган машинеси 1-июнга караган түнү таңга жуук өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Милицияга арызды анын уулу жазып, акыркы жолу атасы байланышка 31-майдын кечинде чыкканын, ошо бойдон дайынсыз экенин айткан.

Количество просмотров: 464