• Дүйшөмбү 1 Теке 2024
  • Понедельник 1 Июль 2024

ТИМ кыргызстандыктарга Россияга барбай турууну сунуштады

3 Бугу 2024 8:50 Бишкек Govori.TV

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Кыргызстандын жарандарына жүйөлүү себептер болбосо Орусияга барбай турууну сунуштады.

ТИМдин 2-майда жарыяланган билдирүүсүндө Кыргызстандын Орусиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө кыргызстандыктар массалык түрдө Орусиянын аймагына киргизилбей жатканы боюнча кайрылуулар түшпөгөнү белгиленген.

«Ошону менен катар министрлик Орусияга барууга жүйөлүү себептери жок мекендештерге мурда киргизилген кошумча коопсуздук чаралары жана чек арадан өткөрүүдө күчөтүлгөн көзөмөл режими токтотулганга чейин бул өлкөнүн аймагына баруудан убактылуу баш тартууну, эгер Орусияга баруу керек болсо, алдын ала бул өлкөгө кирүүгө чектөө бар-жок экенин текшерип алууну дагы бир жолу сунуштайт», – деп жазылган билдирүүдө.
Количество просмотров: 216