• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

Мектептерде мыйзамсыз акча чогултуу үчүн айып пул салуу сунушталды

1 Бугу 2024 15:28 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева мектептерде мыйзамсыз акча чогултуу үчүн айып пул салууну сунуштоодо. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Депутат Укук бузуулар кодексине 74-1-беренени («Мамлекеттик билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча каражатын чогултуу») киргизүүнү сунуштоодо. Бул беренени бузган жеке жактарга 20 миң сом айып пул салуу каралган. Эгерде мектептерде мамлекеттик фонддорду түзүү аркылуу мыйзам бузулса, анда бул жеке адамдарга 40 миң сом, юридикалык жактарга 60 миң сом айып салынат.

Депутат мыйзам долбоорунун негиздемесинде президент Садыр Жапаровдун 2023-жылдын май айындагы жарлыгына карабай, мектептерде мыйзамсыз акча чогултуу уланып жатканын белгиледи.

«Ошондуктан, мектепте бекер билим алуу укугун камсыз кылуу, мыйзамсыз акча жыйноо, анын ичинде мектептерде фонддорду түзүүнүн алдын алуу үчүн бул мыйзам долбоору иштелип чыкты», — деп түшүндүрдү мыйзам долбоорунун автору.

2023-жылы сентябрда Темирбаева ушуга эле окшош мыйзам долбоорун кабыл алууну сунуштаган. Ал долбоордо мыйзамсыз акча чогулткандарга 7500 сом, коомдук фонд аркылуу акча чогулткандарга 10 миң сом, юридикалык жак болсо 28 миң сом айып пул салуу керектиги айтылган.

Булак:.centralasian.org

Количество просмотров: 114