Улуу Британиянын Тышкы иштер министри Лорд Дэвид Кэмерон Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалфматка ылайык, аны «Манас» эл аралык аэропортунда Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев жана Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улан Джусупов тосуп алды.
Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр, ошондой эле өлкө жетекчилиги менен жолугушуулар орун алат.