• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

ТИМ: Ренат Самудинов менен Эльнура Молдокадырова АКШда атайын кабыл алуучу жайда

8 Бештин айы 2017 14:05 Бишкек Govori.TV

Тышкы иштер министрлиги АКШга мыйзамсыз өтүүгө аракет жасап кармалып, саясий башпаанек сураган Кыргызстан жарандары, жубайлар Ренат Самудинов менен Эльнура Молдокадырованын азыркы абалы тууралуу билдирүү таратты.

“Самудинов менен Молдокадырова соттун чечимин күтүп Аризон штатынын Сан Луис шаарындагы убактылуу кармоочу борбордо турушкан. Учурда алар Калифорния штатынын Аделанта шаарындагы атайын кармоочу жайда. Башпаанек сураган жарандардын статусу АКШнын ички эрежелерине ылайык ачыкталбайт. Кыргызстан жарандары менен байланышууга салынган тыюулардан улам мүмкүн болгон жок.  Кыргызстандын элчилиги АКШнын иммиграциялык кызматы менен кызматташууда. Кыргыз элчилиги керек болгон жардамды берүүгө даяр”-деп билдирүү таратты ТИМ.

Эске салсак, 7-декабрда Жогорку Кеңеш депутаты Ирина Карамушкина Ренат Самудинов менен Эльнура Молдокадырованын АКШдагы абалына тынчсыздануусун билдирген.

Количество просмотров: 8