• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

ТИМ: Соль-Илецк шаарында камалып калган кыргыздарга тамак-аш, маска таратылды

13 Чын куран 2020 21:15 Бишкек Govori.TV

Россия Федерациясынын Оренбург облусундагы Соль-Илецк шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын жарандары менен байланышкан кырдаал боюнча кырдаалды жөнгө салуу жана КРнын жарандарына тийиштүү көмөк көрсөтүү максатында үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинен 10- апрелине чейинки мезгилде КРнын РФдагы Элчилигинин алдындагы Штабдын мүчөлөрү – Элчиликтин эки кызматкери жана КРнын Өкмөтүнө караштуу Миграция кызматынын РФдагы Өкүлчүлүгүнүн бир кызматкери Оренбург облусуна сапарга жөнөтүлгөн.

Үстүбүздөгү жылдын 10-апрелине карата Соль-Илецк шаарында  Казакстан мамлекеттик чек арасынын ачылышын күтүп жаткан 67 автоунаа, жана 110 кыргыз жарандары турат. Жумушчу сапардын алкагында Штабдын мүчөлөрү Оренбург облусунун жана Соль-Илецк шаарынын жетекчилиги менен ички иштер органдарынын жана саламаттыкты сактоо мекемесинин өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушушту.

Жолугушууда кырдаалга байланыштуу КРнын жарандарына керектүү жардам көрсөтүүнүн бардык маселелери талкууланды. Жалпысынан КРнын жарандары тартип, мыйзамдарды бузбагандыгы жана Соль-Илецк шаарынын жергиликтүү бийлигине маселе жаратпагандыктары белгиленди.

Жергиликтүү дарыгерлер күтүп жаткан жарандардын саламаттыгын үзгүлтүксүз текшерип жатышкандыгы жана ушул күнгө чейин саламаттыгынын начарлашы боюнча кайрылуулар катталган эместиги айтылды. Ошондой эле Соль-Илецк шаарында Оренбург шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана Оренбург шаарындагы КРнын Ардактуу консулунун катышуусунда КРнын чек арада күтүп жаткан жарандары менен жолугушуу болду.  

Жолугушуунун жүрүшүндө Казакстан мамлекеттик чек арасынын жабыктыгына байланыштуу, чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу дагы бир жолу белгиленди. Өз кезегинде КРнын жарандары тамак-аш, медициналык каражаттар менен камсыз кылууну өтүнүштү. Штабдын мүчөлөрү бардык суроо, кайрылууларга жооп беришти, алар негизинен РФнын аймагында туруу мөөнөтүн жана автоунаалардын транзиттик номерлеринин мөөнөттөрүн узартуу маселесине байланыштуу болду.

Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында, бүгүнкү күнү Соль-Илецк шаарындагы кыргыз жарандарын тамак-аш, керектүү медициналык каражаттар менен камсыздоо маселеси чечилди. Кырдаал турукташты, КРнын жарандары күтүү тартибинде турушууда.

Количество просмотров: 117