• Жума 26 Теке 2024
  • Пятница 26 Июль 2024

ТИМдин аймагында магнолия гүлдөдү

4 Чын куран 2024 17:19 Бишкек Govori.TV

Жаздын келиши менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин имаратынын алдында көз жоосун алган магнолия гүлдөдү. ТИМдин кызматкерлерин жана конокторун, имараттын жанынан өткөндөрдүн ак жана кызгылт назик гүл жакшы маанай тартуулап, кубандырууда.

Кереметтүү бадалдардын жанынан суктанбай өтүү мүмкүн эмес!

Министрлик учурдан пайдаланып, Кыргыз Республикасы менен Бириккен Улуттар Уюмунун кызматташтыгынын 20 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин аймагына магнолия көчөттөрү отургузулганын эске салат.

Министрлик ошондой эле борбор калаанын тургундарына жана конокторуна бир аз кылдаттык менен мамиле кылып, магнолия гүлдөрүнүн жытын көпкө жыттабоону эскертет. Себеби, аталган өсүмдүк уулуу болгондуктан, натыйжада шакый оорусу пайда болот.

Ушуну менен катар министрлик жарандарды магнолиядан гүлдестелерин жасап, кооз гүлдөрдү үзүүдөн баш тартууну өтүнөт.

Количество просмотров: 16